7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элчилик жарандарды 10-сентябрга чейин Орусиядагы укуктук статусун чечүүгө чакырат

190

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги кыргызстандыктарды 2025-жылдын 10-сентябрына чейин Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарына ылайык өзүнүн укуктук макамын алдын ала жөнгө салуу зарылдыгына көңүл бурууда. Бул тууралуу Акипресс басылмасы жазды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет өлкөлүк жарандарды мыйзамдаштыруу мөөнөтүнүн аякташы жакындап жатканына байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги күчөтүлгөн тартипте түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Күн сайын элчиликке 500дөн 700гө чейин КР жараны келет. 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында элчилик тарабынан 89 464 консулдук кызмат көрсөтүлгөн, алардын ичинен 6 249у жарандардын укуктарын коргоо алкагында болгон.

Документтештирүү боюнча 39 612 жаран кеңеш алды, 5 500 адам жеке кабыл алууга келген. 492 жазуу түрүндөгү арыз каралып, алардын ичинен 409у оң чечимин тапкан. Ички иштер органдарына, оорукана, морг, аэропортторго 240тан ашык консулдук чыгуулар жасалган.

Элчилик белгиленген документтик талаптарды өз убагында аткарып Россия Федерациясынын миграция режимин бузууга байланыштуу терс кесепеттерден алыс болууга чакырат.

191