7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды

582

Бишкекте ИИМ «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Босого жаңы конушунда 1987-жылы туулган М.А. аттуу жаран башкарып бараткан Mazda 6 үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Текшерүү маалында «Элдик көзөмөл» бирикмесинин күбөлүгү табылган.

Аталган жарандын жашаган жеринде ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө «Афур» аттуу кызматтык-иликтөө иши менен биргеликте от жаккан мештин бурчунан жалпы салмагы 272 грамм «гашиш» табылган.

Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

583