7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик кабар: Ала-Букада жарым кылымдык мектеп урап калганы турат

501

Нурия Исакулова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу өзүнүн баракчасына урайын деп калган мектептин сүрөттөрү менен бөлүшүп, кайрылуу жасады.

«Бул сүрөттөрдү бирден карап көрүңүздөр! Ааламга кеткен жол айылдан башталат. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылындагы 1965-жылы салынган N⁰27 Сарыбаев.М. мектебинин абалы… Бул мектепте бир нече жолу «таенем окуган мектеп»,- деп айтып келем. Аталган айылда 2500 миңге жакын калк жашап, анын 469у мектеп окуучусу. 2016-жылы эле ӨКМ тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылган. Бирок, былтыр 0-1-2-3- класстын балапандары окуп келишкен. Азыркы учурда корпус жараксыз абалга келгендигине байланыштуу, мектеп директорунун иш бөлмөсү менен балдар тамактануучу жай, китепкана кылып пайдаланууга аргасыз. «Фейсбукта эле отурасың бир мектепти чыгарганга күчүң жетпейби?!,- деген айылдаштарымдын жардамы менен бул кайрылуумду чыгарууну туура көрдүм.

Ооба өлкө боюнча тарыхыбызда болбогон жогорку темп менен курулуштар, бала бакча, окуу мекемелери курулуп жатканынан кабарым бар. Бирок, ушул билим берүү мекемесин тездик менен курулуш иштерин баштап, эртеңки келечегибиз болгон окуучулардын кубанычына ортоктош болсок жакшы болмок. Чындыгында чоңураак адам кирсе пол кыймылдап, урап түшүү коркунучу өтө чоң. Кенедей балапандар «бул кокустуктан кантип чыгышат?»,- деп кайдыгер карабаган ар бир адамды ойлондурат…. 2024- жылкы курулушка тездик менен киргизип берсеңиздер жакшы болмок. Урматтуу депутаттар Жогорку Кеңеште ушул маселени да көтөрүп берсеңиздер»,- деп кайрылган ал.

502