7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдин шайлоого катышуусу милдеттендирилиши мүмкүн

90

Садыр Жапаров аралыктан добуш берүү, электрондук добуш берүү шарттары түзүлгөнүнө карабастан шайлоого катышкандардын саны аз болуп жатканын белгиледи. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземинде билдирди.

Мындан улам ал жарандарды добуш берүүгө милдеттендирүү үчүн жаңы мыйзам керектиги боюнча ниетин билдирди.

Анын айтымында, бул ыкма дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө колдонулуп келет. Мындай өлкөлөрдө ар бир жаран шайлоого катышууга милдеттүү, болбосо кийинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылат.

Өлкө башчысы аралыктан шайлоо добуш сатып алууга шарт түзүп жатканын кошумчалады.

91