7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Электр энергиясы аз берилип, эл нааразы

550

«Түндүк электр» ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизди. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеме күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында жасалып жатканын жана Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан аз экени белгилеп, кардарларды бул аргасыздык чечимди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калып, Токтогул ГЭСинин ишинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп чочулашууда.

Мекеменин абоненттери соцтармактарда бир нече күндөн бери электр энергиясы аз берилип, үй тиричилик иштерине да жетпей жатканына нааразычылыктарын билдирип жатышат.

Улуттук энергохолдинг жарыкты маал-маалы менен өчүрүү планы жоктугун билдирип, жарандардан электр энергиясын үнөмдөөнү суранган. Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт.

Эскерте кетсек, 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

551