«Акыркы соттук чечимдер чыгарылган учурдан бери аталган чечимди жеке көзөмөлүмө алдым. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тийиштүү көмөк жана колдоо көрсөтүү боюнча токтоосуз тапшырмалр берилди. Жашы жете элек балдарды зордуктоо фактылары мыйзамга ылайык, катаал жазаланышы керек. Коомчулукта мындай окуяларга жол берилбеши керек. Зомбулуктун курмандыктары, өзгөчө балдар, социалдык кызматтардын, ден-соолукту коргоо кызматтарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өзгөчө көңүл буруусун талап кылат. Бул көйгөй азыр эле пайда боло калган жок. Биз адамдардын аң-сезимин өзгөртүп, аялдарга жана жашы жете электерге карата зомбулукка жол бербөө жана анын алдын алуу ишин алып баруубуз керек. Жеке инсанга, ынсапка жана баланын бактылуу балалыкка жана бакубат келечегине карай укугуна каршы келген мындай кылмыштар мамлекеттин көңүлүнөн тыш калбашы керек», — деп билдирди вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева.
Ал тармактык түзүмдөрдүн аялдарга жана жашы жете элек балдарга карата зомбулук фактыларынын алдын алуу боюнча сапаттуу иши зарыл экендигин белгиледи.
«Биз алдын-ала иш алып барышыбыз керек. Тармактык мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары натыйжалуу өз-ара аракеттешип, бул сыяктуу окуялардын алдын алуу боюнча ырааттуу иш жүргүзүшү зарыл. Биз ар бир жаран өзүн коопсуз сезе турган тутумду орнотушубуз керек», — деди вице-премьер-министр.