7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эмчек рагы эрте аныкталсын!» Ататүрк маданият борбору кызгылт түстө күйдү (ФОТО)

1035

Стамбулдун Таксим аянтындагы Ататүрк маданият борбору аялдарды азапка салган эмчек рагына коомчулуктун көңүл буруу үчүн үч күн бою кызгылт түстө жарыктандырылды. Бул тууралуу Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган борбор Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Эмчек рагын эрте аныктоо айлыгына маалыматтык колдоо көрсөткөн.
Белгилей кетсек Таксим аянтына күн сайын миллионго жакын адам келет.

Ататүрк маданият борборунун көркөм директору Ремзи Бухаралы эненин саламаттыгы баарынан маанилүү экенин билдирди.

“Искусствонун кандай гана түрү болбосун массанын аң-сезимин өзгөртө алат. Биз GE Health Care демилгеси менен AKM имаратын кызгылт түс менен жарыктандырып жатабыз. Эмчек рагынын канча эрте аныкталганы аялдарыбыз, энелерибиз үчүн өтө маанилүү. Таксим аянтына келгендер бул дарттын кандай оор экенин көрсүн, билсин, түшүнсүн деп ушундай методду колдонууну туура көрдүк” — деди Ремзи Бухаралы.

Эске салсак, көкүрөк рагы дүйнө боюнча аялдардын 30%да кездешет. Ар бир сегиз аялдын бирине бул дарт өтө коркунуч туудуруп келет. Рак кооптуу оору болгону менен аны дарылоого мүмкүн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыл сайын «Эмчек рагы жөнүндө маалымат берүү жана жайылтуу» айлыгын жарыялап, бул багытта изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1036