Улуттук статистика комитети миллионду толуктаган Кыргыз жарандарынын тизмесин жарыялады.
- Өлкөнүн жети миллионунчу жараны Жакшылык 2022-жылдын 19-октябрында Баткен облусунда,
- Алты миллионунчу жараны Кожошева Айлин 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында,
- Беш миллионунчу жараны Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда,
- Төрт миллионунчу жараны Кайыпова Каныкей 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.
Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.
Белгилей кетсек, бүгүн, 19-октябрда Кыргызстандын жети миллионунчу болуп Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында таңкы саат 2:10дө уул бала төрөлдү. 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.
Садыр Жапаров 7 миллионунчу кыргызстандыкка өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык деген ысым ыйгарган.