7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмдөө үчүн шприц жана аларды жок кылуучу кутулар «COVAX» уюму тарабынан жардамга келди

587

Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдө колдонуу үчүн 423 миң даана шприц жана пайдаланылган ийнелерди жок кыла турган 3 825 даана атайын кутуча келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

«COVAX» уюмуну ГАВИ, ВОЗ, CEPI жана ЮНИСЕФ вакциналар альянсынын башын бириктирип дүйнө жүзүндө COVID-19 вакциналарын сатып алуу, ошондой эле ташып жеткирүү, логистика жана сактоо боюнча иш алып барат.

Жардамды андан ары таркатуу жана пайдалануу боюнча бардык чыгым Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлдү.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы менен башталган. Кытай Кыргызстанга 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина жөнөткөн.

Министрлик жакында «AstraZeneca» вакцинасынын 405 миң дозасы келерин билдирген.

Бишкек Москвадан да 1 млн доза «Спутник V» вакцинасын сураган. Жакынкы күндөрү аталган дарынын 30 миң дозасы келери айтылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

588