Касым-Жомарт Токаев республикалык жана жергиликтүү жолдорду курууга жана оңдоого катуу тартип киргизип, өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Анда өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев жол курууда кынтык кетирген башчыларды кызматтан алып, жаңы кадрларды дайындоодо.
Өз ишине шалаакылык кылгандыгы үчүн Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин Автомобиль жолдору комитетинин төрагасы Сайранбек Бармаков, Батыш Казакстан облусунун акиминин орун басары — Тимуржан Шакимов, Түндүк Казакстан облусунун акиминин орун басары — Иван Турков, Актөбе облусунун акиминин орун басары Нуржауган Калауов кызмат ордуларынан кол жуушту.
«Өкмөт, акимдер, укук коргоо органдары бюджеттик каражаттарды натыйжасыз сарптоонун фактыларынын алдын алууга, жол куруу тармагындагы кырдаалды оңдоого багытталган чараларын көрүп жатышат», — деп жазган президенттин пресс-катчысы Берик Уали.