Жеке ишкерлер чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жаңы жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иштей алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.
Салыктарды башкарууну жакшыртуу максатында, Өкмөттүн 16-мартагы токтому менен чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонуу тартиби жана ага өтүү шарттары жөнүндө жобо бекитилген.Жеңилдик алуу үчүн жеке ишкерлер жаңы техникалык талаптарга ылайык келген ККМди сөзсүз түрдө колдонууга тийиш. Ошондой эле субъект КНС төлөөчүсү болбоого же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн (8 млн сом) ашпоого тийиш.
Чекене сатуу салыгынын ставкасы биринчи жылы «нөлдүк» көрсөткүч менен, экинчи жылы – 1%, үчүнчү жылы – 2% жана төртүнчү жылдан тартып 3% белгиленген. Накталай эмес формада төлөөдө салыктын ставкасы 50 пайызга азаят.
Бул салык режиминин артыкчылыктары;
- режимге ишмердиктин каалаган мезгилинде ыктыярдуу өтүү тартиби,
- салык декларациясынан тышкары салык отчетун берүү зарылдыгынын жоктугу,
- бухгалтердик эсеп жүргүзүү зарылдыгынын жоктугу
- ККМ-онлайндан алынган маалыматтар боюнча салыктык милдеттенме автоматтык түрдө түзүлгөндүгүнө байланыштуу мобилдүү тиркемелер аркылуу салыкты оңой төлөө мүмкүндүгү.
Чекене сатуудан салыктын негизинде иштөөгө ниеттенген салык төлөөчү салыктык каттоо жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
Жөнөкөйлөтүлгөн система;
- финансылык жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер,
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары,
- акциз салыгын төлөөчүлөр,
- коомдук тамактануу субъекттери,
- курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери,
- турак жайларды куруучулар тарабынан колдонулбайт.