7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиялык оппозиячыл Алексей Навальныйды абактан ооруканага которушту

412

Орусиялык оппозиячыл Навальный абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Алексей Навальный Владимир облусундагы №2 түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мезгилде ачкачылык жарыялаган. Көп өтпөй ал өзүнүн макулдугу менен витамин кабыл алганы маалым болду. Учурда анын ден соолугу канааттандырарлык экени айтылат.

Буга чейин абактагы дарыгерлер Навальныйдын ден соолугу оорлошуп, жүрөгү токтоп калуу коркунучу бар экенин айтышкан.

Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы «Шереметьево» аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

413