7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эмдөө деген эмне? Кайра вирус жуктуруу коркунучу барбы?» ДССУдан жооп

1076

Эмдөө деген эмне?

Эмдөө — бул адамдарды инфекциядан сактоонун жөнөкөй, коопсуз жана натыйжалуу жолу. Эмдөө айрым инфекцияларга туруштук берип, иммундук системаны чыңдайт.

ДССУ эмдөө тууралуу: «Иммундаштыруу саламаттыкты чыңдоо тармагында миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калган жана ал ден-соолукка натыйжалуулугун көрсөтөт, ага катар үнөмдүү аракеттердин бири катары таанылган»,  — деген чечимин жарыялаган.

Эмдөө тарыхтагы эң маанилүү медициналык жетишкендиктердин бири. Вакцинацияга ишенбөөчүлүк Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2019-жылы изилдеп чыккан он саламаттык көйгөйүнүн тизмесине киргизилген.

Эмне үчүн эмдөөдөн өтүшүбүз керек?

Вакцинация ооруларды алдын-алуунун, адамдардын өмүрүн сактап калуунун эң коопсуз жана эффективдүү жолу болуп саналат. Бүгүнкү күндө 20 оорудан коргой турган вакциналар бар, алар: дифтерия, селейме, көк жөтөл, сасык тумоо, кызамык жана башкалар.

Вакцина алуу менен биз өзүбүздү гана эмес, айланабыздагы адамдарды дагы коргой алабыз. Ден соолукка байланыштуу бардык эле адамдар эмдөөдөн өтө албайт. Бирок алар эмдөөдөн өткөн адамдардын арасында жашаса, аларды ар кандай илдеттерден коргоого болот. Ошондуктан, канчалык көп адам эмдөөдөн өтсө, ооруну жайылтуу коркунучу ошончолук азыраак болот.

Эмдөө организмге кандай таасир берет?

Эмдөө кээ бир ооруларга каршы иммундук реакцияны иштеп чыгып, иммундук тутумга инфекциялар менен эффективдүү күрөшүүгө жардам берет жана инфекция коркунучун азайтат. Вакцина алганда, иммундук система:

  • микробго каршы күч көрсөтөт (вирус же бактерия);
  • антителолорду (ооруларга каршы туруу үчүн иммундук система тарабынан табигый жол менен өндүрүлгөн белокторду) түзөт;
  • ооруну эстетип, организмди микроб менен күрөшүүгө даярдайт. Сиздин организмиңизде микроб пайда боло баштагандан тарта ал күчүнө кирип сиздин шайыңызды алганга чейин эле иммундук система аны тез арада жок кылуунун жолун билет.

COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү канчалык коопсуз экендигин кантип билебиз?

Бардык COVID-19га каршы эмдөөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коопсуздук чаралары бар. COVID-19 илдетине каршы эмдөө ДСУнун жана улуттук көзөмөлдөөчү органдар тарабынан бекитилгенге чейин, эл аралык деңгээлде макулдашылган коопсуздук жана эффективдүүлүк критерийлерине дал келгендигин тастыктоо үчүн клиникалык сыноолордон тыкыр изилдениши керек.

COVID-19га каршы эмдөөнүн организмге берген терс таасири кандай?

Бардык вакциналар сыяктуу эле, COVID-19га каршы вакциналары төмөн деңгээлдеги ысытма, ийне сайылган жерде оору же кызаруу сыяктуу жеңил терс реакцияларды жаратышы мүмкүн. Көпчүлүк вакциналардын реакциясы жеңил жана бир нече күндүн ичинде өзүнөн-өзү өтүп кетет. Вакциналарга олуттуу же узак мөөнөттүү терс реакциялар болушу мүмкүн, бирок алар өтө сейрек кездешет. Эмдөөдөн өткөндөн кийин сейрек кездешүүчү терс реакцияларга дайыма байкоо жүргүзүлүп турат.

 

 

COVID-19га каршы эмделген адам кайдаран вирус жуктуруп алуусу мүмкүнбү?

COVID-19га каршы эмдөө канчалык эффективдүү деп табылганы менен бир дагы вакцина 100% коргоону камсыздай албайт. Эмдөөдөн өткөндөн кийин өзүн-өзү оолактатып, вирустун алдын албаган жарандардын бир аз пайызы кайрадан илдетке чалдыгышы мүмкүн.

Вакцинанын спецификалык мүнөздөмөлөрүнөн тышкары, анын натыйжалуулугуна бир нече фактор таасир этиши мүмкүн: адамдын жаш курагы, ден-соолугунун абалы же буга чейин COVID-19 илдетине кабылгандыгы. Азырынча COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн соң иммунитет канча убакытка чейин сакталаары тууралуу ишенимдүү тастыктама жок. Ушул себептен эмдөөдөн өткөн күндө да аралыкты сактоо, маска кийүү жана колду бат-баттан жуу сыяктуу профилактикалык чараларынын сактоо керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1077