7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокурор эң көп коррупциялашкан мамлекеттик мекемелерди атады

852

Бүгүн, 20-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин тармактык комитетинде прокуратура органдарынын 2020-жылы аткарган иштери тууралуу отчет берип жатат.

Анда айтылган маалыматка ылайык 2020-жылы Европа Коопсуздук Келишим Уюмунун эксперттик жардамы менен мамлекеттик органдарга талдоо жүргүзүлгөн.
Натыйжада эң эле коорупциялашкан мамлекеттик мекеме Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде (азыркы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги) болгон. Мындан сарткары
Мамлекеттик каттоо кызматы;
-Транпспорт жана жолдор министрлиги;
-Ички иштер министрлиги;
-Билим берүү жана илим министрлигинде коррупция бар деп айтылат.

Мамлекеттик мекемелерге карата жүргүзүлгөн эксперттик текшерүүдө- жарандарга кызмат көрсөтүүлөрү, ишеним телефондору, арыз-даттануулар, органдын кызматкерлерине ачылган кылмыш иштери жана башка критерийлер эске алынган.
«Бул мекемелер мамлекеттик кызматтарды көп көрсөтүп, эл менен көп иштешет. Ошондуктан ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө барууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бул критерийлерге кирбей калган органдар да бар. Бүгүн жашыруун эмес, бардык органдар коррупциялык сазга баткан», — дейт Зулушев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

853