7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто уруксатсыз курулуш иштери токтотулуп, айып пул салынды

177

Өзгөн районунда тиешелүү уруксат кагаздары жок, өз билемдик менен курулуп жаткан өндүрүш цехтеринин курулушу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Күнгөй участкасында жайгашкан өндүрүш цехтеринин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды.

Тактап айтканда, пластик жана таш өндүрүүчү цехтердин курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле объектилер мамлекеттик реестрге катталбаганы да аныкталды. Бул жагдайлар “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарын одоно бузуу катары бааланды. Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жаран Р.Т.га жана “Муслим Таш” ЖЧКсына карата жалпы 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан сырткары, бардык уруксат берүүчү документтер толук таризделгенге чейин курулуш иштери токтотулду.

Тиешелүү орган курулуш тармагындагы бардык субъекттерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

178