7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурдан Орунтаев курулуп жаткан мектептерди пландан тышкары текшерди

168

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан бир катар мектептердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министр курулуп жаткан 4 билим берүү объектисин кыдырды. Орунтаев объекттердеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, белгиленген курулуш графигинен артта калып жаткан подряддык уюмдарга эскертүү берди. Ошондой эле курулуш иштеринин темпин күчөтүү, жумушчулардын санын көбөйтүү жана аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Мындан тышкары, подряддык уюмдарга мектептердин курулуш иштерин 2026 — 2027- окуу жылына карата өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аяктоону, бардык иштерди заманбап курулуш талаптарына жана толук коопсуздук стандарттарына ылайык жүргүзүүнү талап кылды.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын февраль айында Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө аталган объектилерде курулуш иштери активдүү жүрүүдө.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

169