7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда насвайга толук тыюу салуу сунушталды

217

Бийлик 2026-жылдын аягына чейин Кыргызстанда насвайга тыюу салып, алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин сатылышын чектөөнү пландап жатат.

Ошондой эле, 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясынын алкагында өлкөдө тамеки жана алкоголдук продукцияларга карата талаптарды күчөтүү сунушталууда.

Документке ылайык:
▪️ насвайга толук тыюу салуу;
▪️ тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди сатып алуу жашын 20-21 жашка чейин көтөрүү;
▪️ түнкү убакта жана интернет аркылуу сатууга чектөө киргизүү каралууда.

Мындан тышкары, тамеки жана алкоголдук продукцияларга акциздик салыктарды көбөйтүү маселеси дагы талкууланууда.

Концепцияда Кыргызстандагы өлүмдөрдүн 70 пайызга жакыны жугуштуу эмес оорулардан экени белгиленип, калкты сергек жашоо образына үндөө негизги багыттардын бири катары көрсөтүлгөн.

218