7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмгек министрлиги памирлик кыргыздарга үй куруп берүүгө 10 млн сом бөлдү

575

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги памирлик кыргыздарга үй куруп берүү үчүн башкы этапта 10 млн сом бөлдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Мындай маалымат министрдин орун басары Жылдыз Полотова жана миграция маселелери боюнча башкармалыктын жетекчиси Жыпар Мамбетова КРнын Жогорку Кенешинин депутаттары менен бирге Чоң-Алай районундагы 18 памирлик кыргыздардын үй-бүлөлөрү менен жолугушууда белгилүү болду.

Полотова КРнын министрлер кабинетинин кабыл алынган программасына ылайык, памирлик кыргыздар үчүн жалпы 95 турак-уй куруу пландалгандыгын белгиледи.

«Бул үчүн Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бурган-Суу айылынан 60 гектар жер аянты трансформацияланып, айылдын башкы планы даярдалган. Быйылкы жылы курулушту баштоо үчүн министрликтен 10 млн сом которулду», — деди ал.

Райондун акими Темирболот Абыкеев КРнын Финансы министрлигинен каражаттын бөлүнүшүн тездетип берүүнү өтүнүп, памирлик кыргыздар үчүн шарттарды түзүп берүүгө даяр экендигин маалымдады.

Эл менен жолугушууда Жылдыз Полотова мамлекеттик жөлөкпул, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жана майыптыгы бар адамдарга каралган социалдык кепилдиктер боюнча суроолорго жооп берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

576