7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө түндө 2 жолу жер титиреди

467

Ысык-Көлдө бир түндө эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү саат 03:26да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Ак-Булун, Совет айылдарында 3,5 балл, Нововознесеновка, Жыргалаң, Боз-Учук, Качыбек, Ак-Булак айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 3 балл, Токтоян, Кең-Суу, Каркыра айылдарында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез, Отрадное айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ушул эле күнү 04:34тө Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Суу районунун Совет, Кызыл- айылында 3 балл, Ак-Чий, Ак-Булак, Нововознесеновка, Ак-Булуң айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

468