7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми депутаттыкка талапкерлер кыргыз тилинен тест тапшырышпайт

305

Алдыдагы парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшерилбейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эдил Байсалов кыргыз-орус билим форумунда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кабыл алынган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын кыргыз тилин А2 деңгээлинен кем эмес билүүсүн талап кылгандыктан, коомдо кызуу талкуу жаратып, түрдүү ой-пикирлерди жараткан.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана депутаттардын өзүн-өзү таратуу маселелери каралат.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңешти таркатуу жөнүндө чечим добуштун басымдуулугу менен каралат. Ага 60 же 30 депутат макулдугун бериши керек.

Парламент тарагандан кийин 40 күндөн 65 күнгө чейин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүшү керек. Сентябрда же октябрдын биринчи жарымында парламент өзүн таратса, шайлоо 2025-жылдын ноябрында өтүшү мүмкүн.

 

 

306