Бүгүн, 10-августта, учуп-конуу тилкеси реконструкциялангандан кийин «Каракол» эл аралык аэропортунда биринчи техникалык каттам аткарылып, аэропорт тарыхында биринчи жолу Airbus A320 аба кемеси кабыл алынды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропортунун» басма сөз кызматы билдирди.
Бул каттам жаңыланган аэропорттун туруктуу эл аралык каттамдарды баштоого даярдыгын жана ири аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн тастыктады.
Реконструкциянын алкагында учуп-конуу тилкеси 2 миң 450 метрден 3 миң 750 метрге чейин узартылды. Ошондой эле заманбап жарык-белги берүү жабдуулары жана ILS инструменталдык кондуруу системасы орнотулду.
Буга чейин аэропорт негизинен Dash 8 Q400 сыяктуу аймактык учактарды кабыл алса, эми Airbus A320 жана Boeing 737 сыяктуу ири аба кемелерин тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
«Кыргызстан аэропорттору» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов бул күн Ысык-Көлдүн авиация тарыхындагы жаңы баракты ачканын белгиледи.
Анын айтымында, учурда Россия, КМШ өлкөлөрү, Жакынкы Чыгыш жана башка багыттар боюнча жаңы эл аралык каттамдарды ачуу иштери жүрүп жатат. Максат -«Каракол» аэропортун Ысык-Көлдүн толук кандуу аба дарбазасына айландыруу.
Самидинов өлкөдөгү аэропортторду модернизациялоо жана авиацияны өнүктүрүү иштери президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.



