7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми концерттердин афишаларында “жандуу үн” же “фонограмма менен” деп милдеттүү түрдө жазылышы керек

305

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, эми маданият мекемелеринде тартууланып жаткан концерттердин афишаларында жана билеттеринде “жандуу үн” же “фонограмма менен” деп милдеттүү түрдө жазылышы керек. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул буйрук Кыргыз Республикасынын “Фонограммалар жөнүндөгү” мыйзамын аткарууга жана керектөөчүлөрдүн (көрүүчүлөрдүн, угуучулардын) укуктарын коргоо жана музыкалык искусствону өнүктүрүү максатында, ошондой эле, чыгармачылыкка ынтызар болгон аткаруучулардын дараметин өнүктүрүүгө, аларды калың катмарга таанытуу багытын көздөп ишке ашып жатат,- дейт Нуржигит Кадырбеков.

Мыйзамдын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, фонограммалардын түрлөрүн билеттерде, афишаларда, жарнактарда жана башка нерселерде көрсөтпөстөн, маданий-массалык иш-чараларда музыкалык чыгармаларды аткаруучулардын кызмат көрсөтүүсүнө жол берилбейт.

Буга чейин Маданият министрлигинде фонограмманы колдонуу ыкмасы, анын таасири жана жандуу үн темасы Кыргыз маданиятынын бир катар өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуу болуп, ал колдоо тапкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

306