Майыптуулугу бар адамдар үчүн «YouTube-мектеп» билим берүү долбоору башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана майыптыгы бар адамдар үчүн Реабилитациялык борбор «Мүмкүнчүлүк» бирикмеси менен биргеликте ишке ашырылууда.
Долбоордун катышуучулары учурда Реабилитациялык борбордо дарыланып жаткан, протездик-ортопедиялык буюмдарды алып жаткан, калыбына келтирүү дарылоодон жана социалдык адаптациядан өтүп жаткан майыптуулугу бар адамдар болуп саналат.
Бул долбоор заманбап онлайн-платформаларды колдонуу аркылуу майыптуулугу бар адамдардын санариптик көндүмдөрүн, медиасабаттуулугун жана өзүн-өзү ишке ашыруусун өнүктүрүүгө багытталган.
Окутуунун алкагында катышуучулар YouTube платформасы менен иштөөнүн негиздерин өздөштүрүшөт:
- контент түзүү;
- видеого тартуу;
- монтаждоо;
- каналдарды тариздөө жана жүргүзүү;
- социалдык тармактарда илгерилетүү;
- жеке брендди жана коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүү.
Биринчи агымда 16 адам окуудан өтүүдө. Окутуунун жыйынтыгында катышуучуларга курстан өткөндүгү тууралуу күбөлүктөр тапшырылат.
Долбоордун аягына чейин 80 майыптуулугу бар адамды окутуу пландалууда.



