Жидда — Ош — Жидда багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы каттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
«Ош» эл аралык аэропортунан «Абдулазиз падыша» эл аралык аэропортуна туруктуу каттам биринчи жолу ишке ашырылат. Airbus A320neo учактары жумасына үч жолу учат.
Учууларды Сауд Арабиясынын Flynas авиакомпаниясы 21-августтан тарта аткара баштайт деп күтүлүүдө. Буга чейин Оштон Жиддага чартердик гана каттамдар болгон.