Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 29-сентябрда өтүп жаткан жыйында Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды.
Бөкөнтаев Кубанычбек Кеңешович 1969-жылы Ысык-Көл облусунун Светлый Мыс айылында туулган.
1992-жылы КУУнун экономика факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1992-жылы Улуттук банктын валюта бөлүмүндө экономист болуп баштаган.
- 1998-жылдан бери Кыргызстандагы коммерциялык банктарда катардагы экономисттен директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучуга чейин иштеген. 2003-жылдан тарта «Экономика. Банктар. Бизнес» гезитинин башкы директору болуп иштеген.
- 2006-жылы Улуттук банкка төраганын орун басары болуп дайындалып, 2010-жылдын 28-апрелине чейин иштеген.
- 2010-жылдан 2012-жылга чейин — Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин Директорлор кеңешинин төрагасы.
- 2016-жылдан тартып “Мамлекеттик лотереялык компаниясында” иштеген.