7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми жеке ишкерлер кайра каттоо боюнча арызды 5 мүнөттө онлайн тапшыра алышат

141

Эми жеке ишкерлер cabinet.salyk.kg сайты аркылуу онлайн режиминде кайра каттоо боюнча арыз тапшыра алышат. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Сервис төмөнкү операцияларды камтыйт:

  • юридикалык даректи өзгөртүү (анын ичинде башка районго өткөндө);
  • салыктык каттоо районун өзгөртүү;
  • салык режимин жана реквизиттерин өзгөртүү;
  • ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн кошуу.

Мындан ары жеке ишкерлерге кайра каттоо үчүн салык органдарына жеке кайрылуунун зарылдыгы жок.

Арызды кароо мөөнөтү мурда эки-үч жумушчу күн болсо, эми болгону 5–10 мүнөттү гана талап кылат.

Кызмат күнү-түнү — 24/7 режиминде иштейт. Ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн каалаган бурчунан жеткиликтүү. Жеке ишкерлерди кайра каттоо процесси толугу менен автоматташтырылган.

Белгилей кетсек, аталган сервис Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин демилгеси менен «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында 100 күндүн ичинде жүзөгө ашырылды.

142