7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмил Балтагулов Жалал-Абаддагы филармониянын директору болуп дайындалды

424
Эмил Балтагулов Жалал-Абаддагы филармониянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, буйрукка ылайык, Эмил Балтагулов 25-марттан тарта Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абаддагы филармониянын директору кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
Эмил Балтагулов 1981-жылы 28-сентябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай шаарчасында төрөлгөн. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган.
Ал Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген, Чаткал районундагы маданият үйүндө көркөм жетекчи, Жалал-Абаддагы филармонияда артист жана директордун орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Жалал-Абад маданият техникумунун жана Барпы атындагы облустук кыргыз драма театрынын директору кызматтарын аркалаган. Акыркы жылдары Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп иштеп келген.
Ал бир катар эл аралык жана республикалык сынактардын лауреаты. Анын ичинде «Улуттар аралык классика-2004» фестивалынын лауреаты, «Мыкты аткаруучу-2000» сынагынын байге ээси, ошондой эле Рыспай Абдыкадыров атындагы ырчылар конкурсунун жеңүүчүсү.
Эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы жана “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.
425