7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмил Жамгырчиевдин камакка алынышы боюнча УКМК маалымат берди

555

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Буга чейин 2023-жылы 26-декабрда Башкы прокурору тарабынан депутат Эмил Жамгырчиевге карата чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Жамгырчиев кылмыш ишинен жана башка кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерине катышуудан качуу, ошондой эле Өзбекстандын жараны жана кримтөбөл Салимбай Абдувалиевдин колдоосуна ээ болуу жана ага жолугуу максатында 2022-жылдын декабрында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Ташкентке мыйзамсыз кирген.

Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, өлкө парламентинде Башкы прокурор депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуш киргизилген.

Муну менен катар 2024-жылы 9-январда ал кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу маселени кароо боюнча депутаттык комиссиянын иши учурунда тергөө аракеттерине катышуудан качып, Жогорку Кеңештин терезесинен чыгып, качып кеткен. Ошону менен тергөө жүргүзүүгө атайылап тоскоолдук кылган.

2024-жылы 10-январда өлкө парламенти тарабынан Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилип, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарды Жамгырчиевдин Ташкентте кримтөбөл Абдувалиевге берген каты менен тааныштырып, ошондой эле аны кармоонун зарылдыгы жок экени айтылган.

Бирок ага карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө акыркы баскычта болгондуктан, ал кайрадан кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында коңшу республикалардын бирине мыйзамсыз чыгып кеткен, бул боюнча УКМКга тиешелүү ыкчам маалымат келип түшкөн.

Жогорудагы айтылгандарды эске алуу менен, андан тышкары Жамгырчиевде тергөөдөн качуу боюнча реалдуу мүмкүнчулүктөр болгондуктан, 2024-жылы 24-январда чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча ага айып тагылып, Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө учурунда, башкача айтканда 26-февралга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Жогоруда белгиленгендей, депутатка карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктоо алдында турат жана жакын арада бүтүп, сот органдарына жөнөтүлөт. Сотто анын күнөөлүү же күнөөлүү эместиги тууралуу чечим чыгарылат.

556