7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмилбек Абдыкадыров Екатеринбург шаарынан келген делегация менен жолугушту

562

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров муниципалитеттин имаратында Екатеринбург шаарынын мэри Алексей Орлов баштаган Урал бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар шаарды өнүктүрүүдө тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык жана билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн талкуулашты.

Бишкек шаарынын мэри шаарлар ортосунда 1996-жылы түзүлгөн өнөктөштүктү кеңейтип жигердүү иш  алып баруу маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде Екатеринбург шаарынын мэри калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровду 2023-жылы жайында Уралдын борборунда өтө турган Эл аралык университеттик спорт фестивалына чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мамилелердин экономикалык багытында кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде эки шаардын бизнес-коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты жолго коюуга үмүттөнөрүн билдиришти.

Иш сапардын  алкагында   коноктор, И.В. Панфиловдун эстелигине гүл чамбар коюшту.

Эске салсак, өткөн жылы Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелигинин так көчүрмөсү Бишкекке алынып келинип орнотулган. Көчүрмө Россиянын Свердлов облусу менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында колодон куюлган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

563