Буга чейин бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү эмне үчүн төлөнбөй жатат деген пикирлер айтылып келген. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги анын себебин түшүндүрдү.
«Борборлоштурулган төлөм базасынын жаңылануусуна байланыштуу төлөм убактылуу токтотулган, которуу келерки жылдын башында системаны кайра жүктөө аяктагандан кийин башталат», — деп берилет билдирүүдө.
Ошол эле учурда билдирмелер толугу менен кабыл алынып жатканын кошумчалашты.