7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмне үчүн ТикТокту колдонууга тыюу салынууда?

504

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда ТикТокту бөгөттөө боюнча байланыш операторлоруна кат жөнөткөнүн тастыктады.

Министрдин кеңешчиси Мээрим Искакованын айтымында, буга УКМКнын каты себеп болгон.

«Мындай чечим чыгарууга TikTok тарабынан «Балдардын ден соолугуна, психикасына, руханий жана адеп-ахлагына зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамда каралган шарттар сакталбаганы себеп болгон. Мыйзамда кандай маалыматтар балдардын саламаттыгына, өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизери аныкталып, көрсөтүлгөн», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, ТикТокту жабуу боюнча бийлик 2023-жылдын августунда аракет кылган.

505