7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстанга барат 

805

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча 18-19-апрелде Казакстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Президент Садыр Жапаров сапардын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки жактуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле кыргыз-казак алакаларынын өнүгүү келечегин талкуулашат. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына жана Астана шаарында «Манас» кыргыз эпосунун каарманынын эстелигинин ачылыш салтанатына катышат. Сапарга карата «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздордун «Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги» форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген», — деп белгиледи Азымбакиев.

806