7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тил билсең кор болбойсуң…» Малайзияда окуган Бактияр

553

Бүгүнкү каарманыбыз Темиркул уулу Бактияр учурда Малайзия өлкөсүндөгү Methodist College Kuala Lumpur окуу жайында «програмист» кесибинде окуп, билим алып жаткан кези. Алдыга койгон максаттарын ишке ашырып, аракет менен баардык нерсеге жетсе болот экенин далилдеген биздин мекендешибиз менен болгон маек.

Бактияр мырза саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

Саламатчылык. Мен Темиркул уулу Бактияр Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кызыл — Суу айылында чоңойгом. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз мен эң кичүүсүмүн. Бала кезимден бери Кызыл — Сууда чоңойуп, ошол жактан 11-классты бүтүрдүм. Мектепти бүтүп эле Малайзияга бир тууган эжемдикине келип, 2024- жылы январь айында Малайзиядагы колледждердин бирине тапшырып, учурда 1-курста окуп жатам.

Methodist College Kuala Lumpur окуу жайына кандай жолдор менен тапшырдыңыз?

Эң алгач колледжге тапшыруу үчүн керектүү документтер дайын болушу керек. Андан соң, өзүң жөнүндө толук маалыматтар жана мектепти бүттү деген күбөлүк керек болот. Колледжге тапшырууда англис тилинен (IELTS) тест тапшырып, ал жактан эң аз дегенде 4.0 бал алуу зарыл. Негизи эле кайсыл мамлекетке барбагын тил билсең кор болбойсуң. Өзүмдүн окуй турган окуума дагы программированияга 2 айга курс алып окудум. Ошентип тесттерден өтүп окуп калдым.

Кыргызстан менен Малайзиянын билим берүү системасында кандай айырмачылыктар бар экен?

Малайзия билим берүү системасы күчтүү өлкөлөрдүн бири болгондуктан, биздин өлкөдөн бир топ өйдө турат деп эсептейм. Анткени, бул жакта баланы мектеп жашынан баштап көп окууга, тапшырмаларын так аткарууга эрте үйрөтүп башташат экен. Эң маанилүүсү Жогорку окуу жайларда өзүнүн кесибине гана тиешелүү сабактарды өтүшөт. Мектеп убактысы да айырмаланып турат, эртең мененки 7:00дөн кечки саат 17:00гө чейин билим алышат.

Бул кесипти тандап алганыңыздын себеби эмнеде? Бала кезиңизде кыялданчу белеңиз?

Бул кесипти мен 10-классымдан баштап ойлонуп, интернеттен карап кызыга баштагам. Себеби, азыркы убакта бул кесип менен Кыргызстанда эле отуруп башка өлкөдөгүлөр менен иштешсе болот. Бирок бул нерсе менен эле чектелбейт, ар кандай тиркемелерди, оюндарды, сайттарды да түзүүгө болот. Бул кесип өзгөчө жаштарга керектүү деп ойлойм. Ошондуктан, мен ушул кесипти тандадым. Негизи чет өлкөдө билим алсам деп бала кезимден баштап эле кыялданып келем. Ошол кыялым ишке ашып, кызыктуу окуяларга, жаңы билимге, тажрыйбага толгон студенттик күндөрүм ойдогудай өтүп жаткан учуру…

Малайзияда окуу кыйын болбой элеби, көнүп калдыңызбы?

Окууда шарттар жакшы түзүлгөн. Эгерде Куала Лумпурдан окусаң ал жакта окуу жайлардын баардыгы жакын жайгашкан, барып келүү оңой эле болот. Бирок Кыргызстан менен салыштырганда баасы жагынан кымбатыраак. Бул жакта жаңыдан окуп баштаганда абдан кыйналдым, айланамдагы адамдар менен көп баарлаша алган жокмун, сабактар да кыйын болду, бирок мен аракет кылып күн-түн дебей окудум. Убакыттын өтүшү менен баардыгына көнүп кеттим.

Алдыга койгон максаттарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?

Алдыга койгон максаттарым көп, алардын маанилүүсү окуумду ийгиликтүү аяктап, андан соң башка өлкөдөн улантсам деген ойлорум бар. Кыргызстандан “програмирования” курсун ачып, чет өлкөдөн алган билимимди өз өлкөмдөгү жаш муундарга үйрөткүм келет. Максаттарыма жетүү үчүн дайыма аракет кылам…..

Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Окууларыңызга ийгилик!

554