7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмне үчүн Өзбекстандан келген 210 автобустун 110 гана иштеп жатат? Мэриядан жооп

1430

Бишкекте айдоочулардын жетишсиздигинен улам Өзбекстандан алынып келген 210 автобустун 110 гана иштеп жатат.  Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында вице-мэр Таалайбек Орозов билдирди.

Анын айтымында, жеке фирмалар тарабынан алынган 210 автобустун калган 100 автобусу колдонулбай эле турат.

«2019-жылга чейин 4000 ашуун маршрутка каттаса, бүгүн күндө 1500 гана иштеп жатат. Муниципалдык ишканадан 70 автобус, 130 троллейбус каттамга чыгып жатат», – деди Орозов.

Ошондой эле ал мэрия Кытайда өндүрүлгөн автобустарды Казакстандан алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалап, учурда макулдашуу этабында экендигин баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1431