9-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына иш сапары менен келген. Жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда, Ворух анклавын алмашуу тууралуу сөз болушу мүмкүн эместигин айтты.
Бул тууралуу, Азаттыктык тажик кызматы жеринен кабарлаган.
“Акыркы 19 жыл аралыгында Ворухту алмашуу тууралуу сөз болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Мен муну акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай сөздөр жүрүп жаткан себептен айтып жатам. Чек ара маселелерин чечүү убакытты талап кылат жана анда эмоцияга алдырбаш керек”-деп билдирген Рахмон.
Тажик президенти кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын эске салып, андан бери 100 жолу сүйлөшүү өткөнүн белгилеген. 2016-жылдагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, бирок кыргыз тарап белгисиз себептен улам бул ишти ара жолдо калтырганын эскерткен.