7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Энергетика министри: Эми майда көмүр ЖЭБге, кесек көмүр калкка ташылат

16
Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызкөмүр» ААКна караштуу Кара-Кече жана Ак-Улак көмүр кендеринин аткарып жаткан иш-аракеттерин жеринде текшерди.
Министрдин иш сапарынны негизги максаты — социалдык тармактардагы “Көмүр жетишсиз болуп жатат” деген маалыматтарды тактоо үчүн жеринде көрүү болгон.
Кара-Кече кениндеги калкка көмүр жеткирүү, казуу иштери тууралуу «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомунун жетекчилиги маалымат берди.
Маалыматка ылайык, учурда Кара-Кече кесиминен 2025- жылдын башынан бери 978 584 тонна көмүр даярдалып, калкка жана Бишкек ЖЭБине жеткирилди. Жалпы 255 техника иш алып барууда.
Жалпысынан Республиканын аймагында 132 отун кампа ачылып, баасы региондун алыстыгы жана логистикалык чыгымдарына жараша 3290 сомдон 6800 сомго чейин көмүр сатылууда. Эки көмүр иргөөчү 2 станок иштөөдө.
Мындан тышкары министр Ак-Улак көмүр кенине барды. Ал жактан казылган көмүрлөрдүн 30 пайызы ЖЭБге ташылууда. Тийиштүү жетекчилеринин берген маалыматына караганда казылган көмүрдү калкка, социалдык обьектилерге да алып жатышат. Учурда көмүрдү иргөөчү станок орнотулууда. Ал ишке ашырылгандан кийин, майда көмүр ЖЭБге, кесек көмүр калкка ташылат.
Министр көмүр кендердин ишин көрүп чыкандан кийин, тийиштүү жетекчилеге калкка көмүр ташуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, айыдоочуларды күнү-түнү кезек менен иштетүүнү, калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу иштерин штаттык режимде жүргүзүүнү тапшырды.
17