7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Энергетика министринин мурунку орун басары кармалды

322

Опуза талап кылуу фактысы менен Энергетика министринин мурунку орун басары кармалганын ИИМден билдирди. 

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 миң АКШ долларын алып жаткан учурда энергетика министринин 1979-жылы туулган мурдагы биринчи орун басары Т.Э. кармалган.

Ал майнинг фермасын ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн чет элдик инвестициялык компаниядан 220 000 (эки жүз жыйырма миң) АКШ долларын талап кылып, учурдагы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаганы аныкталган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө иштери уланууда.

323