7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Энергетика министрлигинде координациялык кеңешме өттү

386

Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, УКМК тарабынан коррупцияга бөгөт коюуга багытталган профилактикалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүүнүн алкагында Энергетика министрлигинде кеңешме өткөрүлдү.

Энергетика министрлигинин жыйындар залында жалпы саны 250гө жакын адамдан турган борбордук аппараттын кызматкерлеринин, ошондой эле «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКтын, «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКтын, КР Энергетика министрлигине караштуу энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын, «Кыргызтранснефтегаз» МИнин, «Электр станциялары» ААКтын, «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын, «Чакан ГЭС» ААКтын, «Кыргызкөмүр» МИнин, Чуй электр тармактар ишканасынын жана Бишкек ТЭСдин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.

Жогоруда аталган иш-чаралардын жүрүшүндө жыйындын катышуучуларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча маалыматтар түшүндүрүлдү.

Ошондой эле, катышуучуларга мисал катары УКМК тарабынан 2020-2024-жылдар аралыгында энергетика чөйрөсүндө аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын жана фактылардын жыйынтыктары мисал келтирилди.

Жолугушуунун соңунда Энергетика министри Таалайбек Ибраев жетекчилерди туруктуу негизде түзүмдүк бөлүктөрдүн жамаатына бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

 

387