Социалдык тармактарда “Шашпай айда, балам! Аман-эсен жетип ал!»,- деген баннер популярдуу болууда. Бул жазуулар Төө-Ашууда орнотулган.
Айдоочулар аны сүрөткө, видеого тартып баракчаларына байма-бай бөлүшүүдө. «Эң сонун сөздөр», «Катуу айдап бара жаткан айдоочуну дагы ойлонтуп, токтотот», «Алтын апамдын сөзү», — деген комментарийлерди калтырышууда.
Акциянын максаты — кырсыктардын санын азайтуу жана айдоо маданиятын жогорулатуу. Креативдүү жана эмоционалдуу чакырыктар айдоочуларга таасирин тийгизет.