7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султанбаев: «Айылдык аймактардын азыркы бөлүнүүсү оптимизациялоону талап кылат»

519

Учурда айылдык аймактарды реформалоо кызуу талкууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө административдик-аймактык бөлүнүшүнө ылайык, Кыргызстанда муниципалдык деңгээлдеги 1981 айылды бириктирген 32 шаардык жана 452 айылдык административдик-аймактык бирдик бар. Айылдык аймактардын азыркы бөлүнүүсү оптимизациялоону талап кылат.

«Алсак, республикада бир гана айылдан турган 67 айылдык аймак болсо, алардын көпчүлүгү калкынын саны боюнча көп эмес. Ошол эле учурда, курамына 7 жана андан көп айыл кирген айылдык аймактар бар. Калкы 15-20 миңди түзгөн айылдык аймактар саны — 42. Калкынын саны 20 миңден ашканы — 45

Административдик- аймактык реформа тууралуу маселе көп эле көтөрүлгөн. Бирок, иш жүзүндө көрүнүктүү жумуштар жүрбөй келген эле.
 Учурда айылдык аймактарды реформалоо кызуу талкууда. Жыл бою Президент Жапаровдун тапшырмасы менен административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө даярдыктар башталып, адистер тобу алгач пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусу, анын ичинде Түп районун тандап алды. Бул реформанын алкагында Түп районундагы 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен 5 айыл аймагы түзүлмөкчү. Реформанын максаты элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга өбөлгө түзүү, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле чечимдерди ыкчам кабыл алуу, жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп саналат. Ошол эле учурда, айыл аймактарынын экономикалык өз алдынчалуулугуна жетишүү, дотациядан чыгаруу зарылдыгы турат. Дотациядагы майда айыл аймактары борбордон каражат күтүп, анын кесепетинен зарыл болгон чечимдерди өз убагында кабыл ала албай, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапаты начар болууда. Түп районунда пилоттук катары келерки жылдан киргизилип жаткан реформанын натыйжасында айыл аймактарынын бюджетин кеминде эки эсе жогорулатуу пландалып, аймактарда өндүрүш ишканалары иштеп баштоого тийиш. Бул үчүн райондун өнүктүрүү фондуна каралган каражаттар да көбөйтүлмөкчү. Бүгүнкү күндө айыл аймактарын өнүктүрүүнүн экономикалык негиздери, өнүктүрүү программалары иштелүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, айыл аймактарын реформалоодо бардык ресурстар, тобокелдиктер эске алынып, класстердик ыкма, ”Бир айыл-бир продукт” программасы негиз болууда. Түп районунда жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгы жана натыйжасы менен келечекте толук кандуу административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, ал кийинки этаптарда райондор менен облустарга тиешелүү болот»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

520