7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрдоган: Орусия менен Украинанын жаңжалы жакын арада бүтпөйт

312

Режеп Тайип Эрдоган Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал жакын арада бүтөөрүнө ишенбей тургандыгын билдирди. Бул тууралуу түрк президенти “Fox News” телеканалына берген маегинде билдирди.

“Адам өлүмүнүн саны өсүүдө. Кырдаалды каржылык көз караш менен карасак, Украина Орусия менен экономикалык жактан атаандаша албай турганы айкын болуп калды. Бирок биз Европанын жардам берип жатканын да эске алышыбыз керек. Менимче, Европа Украинага өмүр бою экономикалык жардам көрсөтө албайт», — дейт ал.

Эске салсак, Режеп Тайип Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн АКШга барды. Ал америкалык лидер Дональд Трамп менен жолугуп, “Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча маанилүү кадамдарды” талкуулоону көздөөдө.

313