7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эркелесеңиз да, чолчоңдобой жүрүңүз!». Шакиев Орунтаевди катуу зекиди

373

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаевди катуу зекиди.

Буга чейин Марат Мураталиев Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары өз укугунан аша чаап, анын ишине кийлигишкенин айткан. Муну эл өкүлдөрү мыйзам бузуу катары баалап, жооп берүүсүн талап кылышкан.

Парламентке чакырылган Нурдан Орунтаев түшүнбөстүк болуп кеткенин, орун басарына эмнеге депутаттарды анын мекемесинен эч ким коштоп жүрбөгөнүн эле айтканын белгиледи. Бул жоопко спикер ынанган эмес.

«Айтылган сөз — атылган ок. Айткан соң аны жымсалдаштын кереги жок. Бул кечирилгис ката. Бүгүн дагы жыйынга атайын чакыруу менен келип жатасыз. Сиз эмне өзгөчөсүзбү? Көп эркелебеңиз! Ар бийликтин учурунда эрке балдар болгон сизге окшогон. Алардын тагдырын көргөнбүз, кези келгенде биринчи ошолор жазаланат. Эркелесеңиз да, чолчоңдобой жүрүңүз, кулагыңызга күмүш сырга», — деди Шакиев.

374