7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эркин күрөш боюнча курама команда Азия чемпионатынан келди

643

Казакстандын Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчуларды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Артур Геворгян, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Азия чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча беттештер 13-14-апрель күндөрү өттү. Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 4 медаль жеңди.

61 кг салмак категориясында Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль, 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 65 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков жана 70 кг салмакта Орозобек Токтомамбетов коло медалга ээ болушту.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджиновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644