7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрлан Бекчороев: Жолугушуу жогорку деңгээлде өттү

736

Талаш-тартыш оппозицияга да, бийликке да пайда алып келбейт. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушуудан кийин Кемпир-Абад боюнча маселе көтөрүп, бийликке нааразычылыгын айтып келген активист Эрлан Бекчороев билдирди.

«Кабар» агенттигине берген комментарийинде Бекчороев Камчыбек Ташиев менен болгон жолугушуу жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

«Бүгүн Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад боюнча маселе көтөрүп чыккан активист жана саясатчыларды кабыл алды. Жолугушууда ал чек ара боюнча аткарылган иштер, алдыдагы пландары менен бөлүштү. Албетте, Кемпир-Абад боюнча суроолорду берип, жооп алдык. Башкысы ийри отуруп, түз кеңешип, саясий консенсуска келдик. Саясий иш саясий диалог менен гана бүтөт. Башка жолу жок. Жеке менин пикиримде жолугушуу жогорку деңгээлде өттү», — деди ал.

Активист жолугушууда Кемпир-Абад маселеси гана көтөрүлбөстөн, оппозиция менен бийликтин мамилеси, улуттук диалог боюнча да сөз болгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча маселе көтөргөн активисттерди кабыл алган.

737