7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрназар эрээндердин эрөөлүнө кимдер менен чыгат?

203

Эркин күрөш боюнча 65 кг олимпиадалык алтын үчүн талапкерлер кимдер? Эрназар Акматалиевдин атаандаштары кимдер? Ал чемпиону боло алабы?

Бул күндөрү Париж олимпиада оюндарынын мелдештери курч мүнөздө уланууда. Бул саам коло медалды катары менен кыргыз балбандар тыйын эңгендей эле эңди. Мээрим Жуманазарова күмүш байге тагынып, элди кубанычка бөлөп салды.

Эми эркин күрөш тууралуу эркин ой жүгүртүп, Эрназарыбыздын эрегишээр балбандары кимдер деген соболго жооп издейли. Окуп эле тим болбой сиз да окурман катары ортого ой салып (комментарий жазып), балбанга ийгилик каалап туруңуз.

Салмак категориялары

Олимпиада оюндарында балбандар 6 салмак категориясы боюнча күч сынашмакчы – 57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг жана 125 кг. Ар бир салмак категориясында олимпиадалык алтын үчүн бири-биринен өтүп, топ жара турган атактуу жана күчтүү балбандар бар.

Бул 65 кг салмак категорияларындагы Олимпиада оюндарында кимдер алтынга айкын фаворит, талапкер болуп саналат? Эмесе ирээти менен баяндоого аракет кылалы.

Быйыл 12-майда эле Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын бардык катышуучулары белгилүү болуп, күрөш боюнча акыркы Олимпиадалык лицензиялык турнир аяктаган эле.

Бирок эң күчтүү, курч теңтайлашкан таймашуулар 65 килограммга чейинки салмак категориясында боло турганын адистер дагы айтып жүрүшөт.

Бул салмакта Олимпиада чемпиону болууга жөндөмдүү көптөгөн күчтүү балбандар бар. Биз алардын айрымдарын бөлүп карап көрөлү.

Энгезердей балбандардын эбин тапкан Эрназар

СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ, GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Энгезердей балбандардын эбин тапкан Эрназар

Эрагыш жана Эрназар

Манаста балбандарды укмуштуудай сыпаттаган саптар бар. Анын бири так ушул Эрназарга төп келчүдөй болуп турат. «Чыканактай Эрагыш, бүткөн боюу тарамыш». Далысы жерге тийбеген, жыгылуу эмне билбеген балбандын бирин ушундай деп сүрөттөгөн. Эрагаыш жапалдаш бойлуу, терең ойлуу, чымчып алаар эти жок, дене бою тарамыш балбан болсо керек.

Ашыра чапкандай болбойлу, бир караган кишиге Эраназар ошол элести тартып коё алат. Бой келбети, ыкчамдыгы, колго бутка илээшпеген шамдагайлыгы, чабуулдан тайманбаган көк жалдыгы бар.

Ал жаштар арасында дүйнө чемпиону, чоңдор арасында 2022-жылы дүйнө чемпионатынын күмүш жана 2023-жылы коло байге ээси болгон. 2022-жылы Монголияда өткөн Азия чемпионатында финалда калыстардын айынан экинчи орунду ээлеп калган. Дүйнө кубогунда коло медаль тагынган. Ошондой эле Ислам тилектештик оюндарынын чемпиону болуп саналат.

Учурда Эрназар тажрыйба топтоп, балтыр эти толуп, баралына келип турган чагы. Токио олимпиадасына катышып, алгачкы атаандашы индиялык Баджранг Пуния менен 3:3 эсебинде тең чыгып, ыкманын артыкчылыгы менен утулуп, 12-орун менен чектелген.

Бул ирет Эрназардын чеберчилиги жогору экени Бишкекте өткөн Азия континенталдык лицензиялык турнирде айкын байкалып, Париж олимпиадасына жолун ачты. Олимпиадалык таймашууларды көрүп, көзү күйүп калган Эрназар дагы алтын байгени көздөп турган учуру. Дүйнөлүк күрөш адистери дагы Эрназардын шамдагайлыгын, кайраткерлигин, жеңиш үчүн дилгирлигин жана оттон, суудан коркпой, тайманбай күрөшкөнүн, күтүлбөгөн ыкмаларды жасай алаарына жогору баа берип, баш байгеге незгизи талапкер катары айтып жүрүшөт. Илбирстей илгир, Эрназарды колдоого алып, сүрөп алсак, алтын медалды илип келээр.

Эрназар Токио олимпиадасынан эбегейсиз тажрыйба топтогон

СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ, GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрназар Токио олимпиадасынан эбегейсиз тажрыйба топтогон

Атаандаштар

Эрназардын атаандаштарынын ичинен армениялык Вазген Теванянды баш байгеге талапкердин бири катары айтсак болот. Учурда Вазгендин физикалык даярдыгы жогору, ал Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында чеберчилигин көрсөтүп, коло медаль утуп алуу менен жана Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Ооба, ал дүйнө биринчилигинин жарым финалында Пуэрто-Риконун намысын коргогон Себастьян Риверага утулуп калган. Бирок бул экөө олимпиадада таймаштарында кайрадан беттешип калса, кимисинин жылдызы жанаары ошондо аныкталат. Себеби Хорватияда өткөн эл аралык турнирде алар кайрадан күч сынашып, 9:1 эсебинде Вазген Теваняндын артыкчылыгы менен күрөш аяктаган. Ошондой эле Вазген Европа чемпионатында орусиялык балбан Рашидовго утулуп, толук күчүн көрсөтө алган эмес. Балким бул Олимпиада оюндарынын алдындагы тактикалык амалдар дагы болушу мүмкүн.

Ошондуктан бул салмак категориясында башка салмак категорияларындагыдан дагы кыл чайнашкан курч таймашуулар болоорун, тандалган бардык балбандар байгелүү орундарга талапкер экени менен кызык.

2023-жылкы Дүйнө чемпионатындагы күмүш медаль уткан Себастьян Ривера (Пуэрто-Рико) дагы табында. Аны адистер ошол жылдын жаңы ачылышы, жарк эткен талант катары баалашкан. Акыркы дүйнөлүк чемпионатта ал дээрлик бардык салмактагы лидерлерди жеңип, биринчи жолу 23 жашында дүйнө чемпионатында күмүш байгелүү болгон.

Парижде олимпиаданын алтын үчүн күрөшүүгө чоң мүмкүнчүлүккө ээ балбандардын бири орусиялык Шамил Мамедов болуп саналган эле. Ал дагы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси. Башка турнирлерде дагы үчүнчү орундан төмөн түшпөй, адистердин көңүлүн буруп келаткан. Бирок, Орусиянын күрөш федерациясынын чечими менен Шамил Мамедов Париж олимпиадасына катышпай, башка балбандар негизги атаандаштын биринен кутулуп, жеңилдей түштү окшойт.

Дагы бир алтын байгеге талапкер болчу балбандардын бири жердиги орусиялык, 2019-жылдан бери Венгриянын намысын коргоп жүргөн 31 жаштагы дүйнө жана Европа чемпиону Исмаил Мусукаев. Ал 2023-жылы дүйнө чемпионатында финалда Себастьян Ривераны артыкчылык менен утуп, мурда дагы дүйнө чемпионаттарда эки ирет коло медаль утуп, 2022-жылы Европа чемпиону аталган. 2020-жылы Дүйнө кубогунда күмүш байге уткан. 2021-жылы Токио олимпиадасына катышып, байгелүү орунга илинбей, арман кылып жүрөт.

Бул салмакта 2022-жылы дүйнө чемпиону болгон ирандык Рахман Амузаддын күрөшкөнү менин дагы купулума толот. Ал 22 жашта болсо катары менен үч жолку Азия чемпиону аталып, келечегинен зор үмүт жараткан балбандардын бири. Быйыл Бишкекте өткөн Азия чемпионатында дагы баш байгени утуп, табында экенин далилдеди. Ошондой эле ал дүйнө кубогунда күмүш жана коло медаль тагынган.

Ошондой эле олимпиаданын алтын байгесине башкы талапкерлердин эң тажрыйбалуу, карт бөрүсү 33 жаштагы азербайжандык Хажи Азер оглы Алиев болуп саналат. Ал Европанын төрт жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону жана Олимпиаданын күмүш жана коло байгелеринин ээси.

2016-жылы Рио-де-Жанейро олимпиадасында 57 кг салмакта коло медаль тагынса, 2021-жылы Токиодо 65 кг салмакта финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон. Анын самаганы Париж олимпиадасынын алтын медалы! Олимпиада чемпиону болуу менен күрөштү жыйынтыктасам деген тилеги бар. Себеби анда олимпиаданын алтын байгесинен башка бардык медалдар бар.

2014-жылы Ташкентте, 2015-жылы Лас-Вегаста, 2017-жылы Парижде 61 кг салмакта дүйнө чемпиону аталган. Ошондой эле Европа оюндарынын чемпиону, Ислам тилектештер оюндарынын эки жолку чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону, күмүш жана коло байге ээси, дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү. Бүткүл дүйнөлүк Универсиада оюндарынын чемпиону.

Олимпиадалык эмес 70 кг салмакта 2022-жылкы дүйнө чемпионатында күмүш медаль уткан, 2023-жылы дүйнө чемпиону болгон америкалык Рутерфорд салмагын түшүрүп, 65 кг салмакта Париж олимпиадасына жолдомо алган негизги табышмактуу талапкердин бири десек болот. Ал 2012-жылы уландар арасында дүйнө чемпиону болуп, адистердин көңүлүн бурган. Ошондой эле Панамерикалык оюндардын чемпиону болуп саналат. 29 жаштагы балтыр эти толгон Зеин дүйнө чемпиону жана дүйнө кубогунда коло байгелүү болгонуна алымсынбай Париж олимпиадасынын алтын медалын самап тургандардын бири.

Бул салмакта Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азиянын эки жолку күмүш медалынын ээси, монголиялык Тумур-Очирын Тулга дагы оңой жоо эмес. Ал 2022-жылы Азия оюндарынын чемпиону болгон. 2021-жылы Ослодо өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду камсыз кылган. Ал уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону аталып, күрөш десе каны кайнап турган, баралына жетип, Токио олимпиадасында жолу болбой, алгачкы атаандашы жапон балбаны Такуто Отогуро утулуп, сооткотуучу таймашта венгриялык Исмаил Мусукаев жеңилип, 9-орун менен чектелген. Эми Парижде келме кезегин күтүп, мыкты даярдык көрүп жаткан 26 жашка чыккан, келечектүү балбандын бири.

Орусияга санкция салынып, кысым күчөгөнү таланттуу спортчулары чилдей тарап, ар кайсы өлкөлөрдүн атынан чыгууга аргасыз болушту. Учурунда жаштар арасында дүйнө чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп жүргөн чечен балбаны Ислам Дудаев 2021-жылдан бери Албаниянын намысын коргоп жүрөт. Ал быйыл 2024-жылы Европа чемпиону болсо, 2022-жылы коло байгелүү уткан. 29 жашка чыгып, алгач ирет олимпиадага катышканы турат. Бул жигит дагы байгелүү орундарга талапкер болушу ыктымал.

Мындан тышкары дагы мексикалык, грузиялык, кубалык, жапониялык, австралиялык жана самоалык балбандардын деле жылдызы жанып, байгелүү орундага илинип калышы ажеп эмес.

Эң негизгиси бардык балбандардын үшүн алган Токио олимпиадасынын чемпиону, дүйнө жана Азия чемпиону, жапон балбаны Такуто Отогуро бул ирет Париж олимпиадасына жолдомо албай калды. Быйлы Жапониянын намысын Котаро Кийока коргойт. Ал деле Жапониянын чемпионатында олимпиада чемпиону Такуто Отогуро уткан оңой балбан эмес. Кыскасы кыл чайнашкан таймашуулар алдыда турат.

10-августта Эрназар менен Айпери Медет кызы Париж олимпиадасынын күч сынашууларына чыгат. Элибиз ишеним артып турган ушул эки балбанга дагы ийгиликтерди каалап, сүрөөнгө алып туралы! Калганын алдыдагы таймашуулар аныктайт.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

Атайын Би-Би-Си/Кыргыз кызматы үчүн

204