7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрнест Карыбеков: Бала-Саруу ГЭСин же Талас аэропортун куруу – туура багыттагы аракеттер

541

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков: Таластагы Бала-Саруу ГЭСи толугу менен мамлекеттин эсебинен курулду, ошондуктан анда өндүрүлгөн электр энергиясы кымбат болуп калат деген коркунуч жок. Эгер андай станцияларды жеке менчик ишкана курса, ири насыя алыш керек болмок жана өндүрүлгөн энергиянын баасын көтөрүү маселеси чыкмак. Ошондуктан, өкмөт туура багытта аракеттенип, энергетика тармагын мамлекеттин карамагына өткөрүп жатат десе болот.

Бир кезде дээрлик баардык район борборлоруна кичине учактар каттачу, азыр дагы жергиликтүү авиацияны жандандыруу аракеттери башталды, бул дагы туура. Тоо арасында жакшы жолдорду куруу кымбат, авиация өнүккөндө болсо, жергиликтүү калкка да, ар башка мекеме-министрликтерге дагы, кошуна мамлекеттерден келе турган туристтерге да ыңгайлуу. Өлкөнүн ичинде учак гана эмес, дирижаблдерди дагы өнүктүрсө, менин оюмча, пайдалуу болмок, анткени алар учактардан алда канча арзан…

542