Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков: Токтогул ГЭСи менен анын суу сактагычы Кыргызстан үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия үчүн өтө маанилүү. Алгач курулганда анын максаты ар бир 6-7 жылда кайталанган кургакчылык мезгилдин маселелерин жумшартуу болчу, бирок эгемендик жылдарында анын суусу – электр энергиясын өндүрүү үчүн гана пайдаланып калды, андай энергия керектөо болсо жылдан жылга улам өсүп баратат.
Ошол эле советтик мезгилде Кара-Кече көмүр кенинин жанында көмүр менен иштей турган электр станциясын куруу дагы пландалып, бирок ишке ашпай калган. Эгер күчү 1200 мегаваттка жеткен ошондой станцияны азыр курса, Токтогул ГЭСинин иши жеңилдеп, суу жетиштүү көлөмдө топтолуп, кошуна мамлекеттерге алардын бекер үлүшүнөн ашык сууну Кыргызстан кымбат сатып, бир топ пайда табып калмак…
Советтик мезгилден мураска калган Токтогул ГЭСин биз саан уйдай кылып саап, бирок жетиштүү жем бербей койгондой болуп жатабыз. Канча чакан ГЭС же күн менен шамал энергиясы менен иштеген станция курсак дагы, алар баары биригип кубаттуулугу жогору станцияны алмаштыра албайт. Жүз «Тойотаны» бириктирсе да, алар бир «БелАЗдын» милдетин аткара албайт, анткени нукура маңызы такыр башка.