Эртең, 14-сентябрда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл жана Нарындын айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми, Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын болбойт, бирок күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;
- Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;
- Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
- Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12.
- Бишкекте түнкүсүн 13…15°, күндүз 23…25° жылуу болот.