7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең Бишкекте жаан, кар жаашы күтүлөт

965

Эртең, 30-мартта Бишкек шаарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолордо абанын температурасы түнкүсүн -18…-23, күндүз 0…-5 градус болот.

Ал эми, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн жаан, кар жаайт. Баткен, Талас облустарында жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз 8…13;
  • Талас жергесинде түнкүсүн -2…-4, күндүз 6…11;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
  • Бишкекте түнкүсүн -1…-3, күндүз 10…12 градус болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

966