Бүгүн, 29-мартта Милициянын кайгуул кызматы маалымат таратып, болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкекте жол кырсыгы катталганын билдирген. Анда Ауди үлгүсүндөгү унаа аялдамада турган адамдарды сүзгөн. Кесепетинен балалуу аял жабыркаганы маалым болгон.
Журналисттерге Бишкек шаардык тез жардам борборунун башкы дарыгеринин орун басары Егор Борисов жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам — 3, 4 жана 9 жаштагы үч бала, ошондой эле кош бойлуу аял жабыркаганын билдирген.
Жабыркаган балдар Балдар ооруканасына, ал эми кош бойлуу аял Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген.